Дүйнөдө
"Шрек" мультфильми АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү деп аталды
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
"Шрек" мультфильми АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү деп аталды
© Элита плюс

"Шрек" мультфильми АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү деп аталды. Бул тууралуу "Variety" басылмасынын билдирүүсү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Америкалык кинолордун улуттук реестрине анимациялык долбоор киргизилип, тизмеге быйыл 25 тасманын кошулуусу менен толукталып, жалпы 800 фильмдин аты аталды. Анын ичинен "Шрек" мультфильми улуттук кинону сактоо мыйзамынын жоболоруна ылайык, маданий, тарыхый жана эстетикалык баалуулугу жогору деп
тандалып, АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү болуп аталганы жазылат.

Уильям Стайгдын калемине таандык "Шрек" аттуу толук метраждуу мультфильми 2001-жылы чыккан. Андан кийин анимациялык тасманын дагы үч толук метраждуу уландысы тартылган. 2016-жылы "Шректин" бешинчи бөлүгүн жаратканы жарыяланып, аны 2022-жылы тартылууга берүү планында экендиги айтылат.