Парламент
ШКУнун байкоочулар миссиясы шайлоону өттү деп тапты
Элита плюс
Октябрь 05, 2020 г.
ШКУнун байкоочулар миссиясы шайлоону өттү деп тапты
© Элита плюс

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өттү деп тапты. Бул тууралуу ШКУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Крючек билдирди.

Ал белгилегендей, парламенттик шайлоо жарандык коомдун жана ЖМКнын активдүү катышуусу менен ачык өттү.

"Байкоочулар миссиясы парламенттик шайлоодо жарандардын жогорку автивдүүлүгүн белгилейт. Шайлоо участкаларындагы байкоочулардын катарында партиялардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардан жана ЖМКлардан болушту. Байкоочулар миссиясынын дарегине арыздар түшкөн жок", - дейт ал.

Крючек Кыргызстандагы парламенттик шайлоо БШКнын сайтына шайлоо программаларын жайгаштырууну талап кылган биринчи шайлоо экендигин кошумчалады.

"Шайлоонун маанилүүлүгү партиялардын каражаттарынын ачык жана жеткиликтүүлүк менен жарыялоосу, каржылоо булагы жана бардык чыгымдар көрсөтүлгөн. Добуш берүү учурунда шайлоочуларды идентификациялоо жана автоматтык түрдө эсептөө урналары колдонулду. Урна жыйынтыктар боюнча БШКнын серверине маалымат жөнөтүп жатты", - деп кошумчалады миссиянын башчысы.

Байкоочулар миссиясы парламенттик шайлоо мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнүн билдирди. Байкоочулар шайлоону ачык, эркин жана мыйзамдуу өттү деп тааныйт. Миссия шайлоо демократиялык процесстердин өнүгүшү үчүн маанилүү кадам болгонун белгилейт.