Саясат
ШКУ: Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасады
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
ШКУ: Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасады
© Элита плюс

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Владимир Норов Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

«Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу тынчсыздануубузду билдиребиз жана баардык тараптарды диалогго келип, түзүлгөн кырдаалдан тынч чыгуу жолдорун табууга чакырабыз.

ШКУга мүчө-мамлекет катары Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий макулдашууга жетишүү Уюмдун мейкиндигиндеги коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн чоң мааниге ээ.

КР Конституциясына ылайык, өлкөдө түзүлгөн кырдаал тез аранын ичинде турукташат деп ишенебиз», - деп айтылат билдирүүдө.