Мекендештер
“Шереметьево” аэропортунда 100гө жакын кыргызстандыктын кармалышы. Элчилик үн катты
Элита плюс
Октябрь 07, 2021 г.
“Шереметьево” аэропортунда 100гө жакын кыргызстандыктын кармалышы. Элчилик үн катты
© Элита плюс

Россиянын “Шереметьево” эл аралык аэропортунда 100гө жакын кыргызстандык кармалып турганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын кармалышы Россиянын Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери менен байланыштуу.

“Жаралган ыңгайсыздыкты жоюу максатында аэропортко элчиликтин үч кызматкери жөнөтүлдү. Россиянын чек ара кызматкерлеринин айтымында, Россияга кирүүгө чектөө киргизилген Кыргызстандын жарандары тарабынан жеке маалыматтарды өзгөртүү аныкталган. Мындай бузууларды алдын алуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштеринин алкагында Россияда тыюу салынган уюмга жарандардын катыштыгы бар-жогу каралууда.

Аталган аэропорттун өкүлдөрүнө Кыргызстандын жарандарын тамак-аш менен камсыздоо өтүнүчү айтылган.

Булак: Кабар