Коом
Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет
Элита плюс
Январь 24, 2023 г.
Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет
© Элита плюс

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

«Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. 

Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. 

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. 

Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.