Парламент
Шайлоого «Жалпы иш» коомдук фонду да байкоо жүргүзгөн
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
Шайлоого «Жалпы иш» коомдук фонду да байкоо жүргүзгөн
© Элита плюс

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Жалпы иш» коомдук фонду да байкоо жүргүзгөн. Алар шайлоо процессинин жүрүшү жана андагы мыйзам бузуулар боюнча байкоо иштеринин жыйынтыгын жарыялады.

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоонун ачылышы, добуш берүү, добуштарды саноо жана жыйынтыктарды чыгаруу процедураларына байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участокторуна 300 кыска мөөнөттүү байкоочу, 58 узак мөөнөттүү байкоочу, 58 мобилдик топ жана 8 аймактык юрист жөнөткөн. Бул тууралуу коомдук фонддун башкармасынын төрайымы Аида Суйундуева айтты.

«Ачылуу, добуш берүү, жабылуу жана жыйынтыктарды чыгаруу процедуралары негизинен мыйзамга ылайык жүргүзүлдү. Аз сандагы шайлоо участкаларында процедуралык мыйзам бузуу байкалды. Жалпысынан 23 олуттуу мыйзам бузуу катталды. Бүгүнкү күндө фонд УШКларга майда процессуалдык мыйзам бузууларга байланыштуу 43 арыз жөнөттү, 8 арыз АШКга жана 2 арыз ошол аймактарды караган РИИБге жөнөтүлдү», — деди Суйундуева.

Өлкө боюнча добуш берген жарандардын саны  жалпы шайлоочулардын  56,2 %ын түздү. Бул 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого (37,9 %) салыштырмалуу 18,3 %га көп.

Шайлоочулар COVID-19га байланышкан кеңеш-сунуштарды 95,7 % аткарды. Калган 4,3 %ы талаптарды сактаган жок. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү учурунда санитардык эрежелерди 86,7 %га аткарышты, 13,3 %ы санитардык ченемдерди так сактаган жок.

«Биздин отчётторубуз боюнча добуш сатып алуулар да катталды. Айталы, эң көп добуш сатып алуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы тарабынан, тактап айтканда, 90 акт түзүлдү, экинчи орунда «Биримдик» партиясы – 75, ал эми «Кыргызстан» партиясына добуш сатып алуу боюнча – 70 акт түзүлдү. Административдик ресурс колдонуу боюнча да «Биримдик» партиясынан — 65, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан — 24, «Кыргызстан» партиясынан – 6 жана «Замандаш» партиясынан 2 окуя катталды. Мындан тышкары үгүт материалдарга зыян келтирүү, саясий партиялар тууралуу терс маалымат жайылтуу жана «Форма-2″ боюнча да мыйзам бузуулар катталган», — деди Суйундуева.

Коомдук фонддун юристи Тариэль Аалиевдин айтымында, мыйзам бузуу фактылары көп эле жолу катталды. Бирок байкоочуларга жашыруун кайрылышып, көп учурда тастыктоочу материалдар жок болуп калып жатты.

«Анонимдүү каттар шайлоого чейин жана шайлоо күнү да келип жатты. Мугалимдерди, элди «Биримдик» же «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берүүгө мажбурлап жатат деген жашыруун каттар келген. Негизинен мыйзамга карама-каршы көрүнүштөр болуп жатты», — деди Аалиев.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 партия катышты. Алдын ала жыйынтыктар боюнча 4 партия 7%дан көп добуш алды. Алар «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан».

Эскерте кетсек, «Жалпы иш» коомдук фонду өлкөдө кабыл алынган чечимдерге карапайым жарандардын да аралашуусуна, коомдук пикир жаратып, элдин үнүн бийликке жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү жаатында иш жүргүзөт.