Саясат
Шайлоого катыша турган партиялардын саны 34кө жетти
Элита плюс
Июль 07, 2020 г.
Шайлоого катыша турган партиялардын саны 34кө жетти
© Элита плюс

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, 7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келээрин билдирип 34 саясий партия кайрылган.  Алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин «Мекенчил» жана «Ата Мекен» партиялары билдиришкен. Маалыматка ылайык, парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек. Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтышы зарыл. Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт. Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.