Коом
Шайлоо-2020: Добуш берүүдө мыйзам бузуулар боюнча арыздар түштү
Элита плюс
Октябрь 04, 2020 г.
Шайлоо-2020: Добуш берүүдө мыйзам бузуулар боюнча арыздар түштү
© Элита плюс

Шайлоо башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 21 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында кабарлады.

Ал ар бир арыз боюнча тиешелүү чара көрүлөрүн, укук коргоо органдары карап жатканын айтты.

«Жабдыктар иштебей калып жатат, айрым телеканалдарда үгүт материалдар көрсөтүлүүдө, белгисиз бир адам тизме чогултуп жатат, саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, акча таратуу, шайлоо кутусунун жанында кишилер отурат, адамдар ташылып жатат, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдына ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат ж.б. деген арыздануулар болууда. Ар бир мыйзам бузууга тиешелүү чара көрүлөт», — деди Шайназаров.

Айрым шайлоо участкаларында кезек күтүү көп экени айтылган. Ага карата Шайназаров эл добуш берүүгө жетишерин, кезек күтүүлөр болбошу керектигин айтты.