Парламент
Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты
© Элита плюс
Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты
© Элита плюс

Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн тиркемеге жаңы функция киргизилген. Анын жардамы менен Кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участокторунун номерин жана дарегин тактай алышат. Тиркеме Андроид платформаларындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Play Market`тен "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп алуу жана "Даректи текшерүү" бөлүгүнө кирүү жетиштүү болот.