Саясат
ШАЙЛОО: Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоо аяктады
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
ШАЙЛОО: Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоо аяктады
© Элита плюс

Президенттин жарлыгы менен быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Маалыматка караганда, шайлоого катышууну көздөп, документтерин тапшырган 42 партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоодон өттү. Дагы эки саясий партиянын документтери каралып жатат. Боршайком 9-июлда шайлоого катышкысы келген партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын жарыялаган. Ага ылайык, кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн 44 саясий партия документтерин тапшырган.