Парламент
Шайлоо өткөрүүгө БШКга 478,1 млн сом которулган
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Шайлоо өткөрүүгө БШКга 478,1 млн сом которулган
© Элита плюс

Шайлоо өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына 29-сентябрга карата 478,1 млн сом которулган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, беткаптар менен толук камсыздалды.

"Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Учурда анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатат”, - дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, шайлоону 91 телеканал, 27 радио, 59 гезит-журнал жана 77 интернет басылмалары чагылдырат.