Коом
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда
Элита плюс
Декабрь 23, 2020 г.
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда
© Элита плюс
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда
© Элита плюс
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук жана шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан аймактардагы жайгашкан баардык добуш берүү тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Түшүндүрүү иш чараларынын жүрүшүндө шайлоо тилкелеринин мүчөлөрүнө өрттү алдын алуу, болтурбоо максатында нускамалар өтүлүп жатат. 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо өнөктүгүнө карата даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө өрт кырсыктарын алдын алуу максатында улантылып жатат.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө шайлоо участкаларынын өрт коопсуздук эрежелерине шайкеш келүүсү каралып, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана участка жайгашкан объектилердин персоналдарына шайлоо мезгилиндеги өрт коопсуздук чаралары жана баштапкы өрткө каршы шаймандарды колдонуу боюнча нускамалар өтүлүп, шайлоо участкалар жайгашкан обьектилердин өрт өчүрүү боюнча ыкчам документтери оңдолуп-түзөтүлүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.