Парламент
Шайлоо-2020: Үгүт иштерин жүргүзө турган ЖМКкаттоодон өттү
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Тизмеге 210 массалык маалымат каражаты жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма. Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланат.