Парламент
Шайлоо-2020: КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан келген байкоочулар көз салышат
Элита плюс
Август 28, 2020 г.
Шайлоо-2020: КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан келген байкоочулар көз салышат
© Элита плюс
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан келген элүүдөн ашык эл аралык байкоочу байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиевдин жолугушуусу болгон.

Нурбек Сатвалдиев учурда КМШ парламенттер аралык ассамблеянын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканы, ага КМШ парламенттер аралык ассамблеянын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралуу билдирди.

—  КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары болуп саналган эл аралык байкоочулар өлкөнүн региондоруна барышат, аймактык жана тилкелик шайлоо комиссияларынын иши менен таанышат, саясий партиялардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле КМШ парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт«, — деп айтылат маалыматта.

2015-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КМШ парламенттер аралык ассамблеясынан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн.