Парламент
Шайлоо 2020: Кайра шайлоого катышууга алгачкы партия катталды
Элита плюс
Октябрь 22, 2020 г.
Шайлоо 2020: Кайра шайлоого катышууга алгачкы партия катталды
© Элита плюс

Кечээ, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун күнүн белгиледи. Ага ылайык, шайлоо 20-декабрда өтөрү маалымдалган.

Бүгүн, 22-октябрда "Жашылдар" саясий партиясы биринчилерден болуп шайлоого катышуу боюнча табыштама бергенин БШКдан билдиришти.

2020-жылдын 6-октябрында БШК алдыда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.