Парламент
Шайлоо-2020: Депутаттар шайлоочулар менен иштейт
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Шайлоо-2020: Депутаттар шайлоочулар менен иштейт
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды. 2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуштады. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштери үчүн колдонбоо үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү керек деп негиздеди. Депутаттар спикердин сунушун колдоду.