Парламент
Шайлоо-2020: Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 20 миңге жетти
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Шайлоо-2020: Чет  өлкөдөгү шайлоочулардын саны 20 миңге жетти
© Элита плюс

Кыргызстандын сыртындагы өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди. 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Учурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу, каттоого алуу иштери жүргүзүлүүдө. Имангазиевдин айтымында, шайлоочулардын тизмесин түзүү 19-сентябрга чейин уланат. “Чет жердеги жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек», — деди Имангазиев. Жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен tizme.gov.kg порталы аркылуу текшере алат.