Коом
Шайлоо-2020: Башкы прокуратура мыйзам бузгандар жоопко тартыларын эскертти
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Шайлоо-2020: Башкы прокуратура мыйзам бузгандар жоопко тартыларын эскертти
© Элита плюс

Башкы прокуратура шайлоо процессинин катышуучулары арасынан кимде-ким мыйзам бузса жоопко тартыларын эскертти. 9-сентябрда мекеме билдирүү таратып, прокуратура жана күч органдары айыптууларга карата чара көрөрүн, мамлекеттик кызматкерлер, байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук уюмдары, чет элдиктер жана 18 жашка чыга электер үгүт өнөктүгүнө катышууга укугу жоктугун, кастыкка, басмырлоого, мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга жана бийликти басып алууга үндөөгө тыюу салынарын билдирди. Шайлоочулардын добушун сатып алуунун бардык түрлөрүнө жол берилбей турганын эскертти. Маалыматта айтылгандай, Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы чечимине ылайык, азыркы кезде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары боюнча мониторинг жүрүп жатат. Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурсту кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, 21 материал изилденип чыгып, укук тартибин коргоо органдарына жөнөтүлдү, жалпысынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Мониторингдин баштапкы жыйынтыгы көрсөткөндөй, көбүнчө шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурту колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталууда. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 15 партия ат салышууда.