Парламент
Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берди
Элита плюс
Октябрь 04, 2020 г.
Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берди
© Элита плюс
Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берди
© Элита плюс

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Акыркы (саат 23:25ке карата) маалыматтарга ылайык парламенттик шайлоого 1 млн 970 миң 213 шайлоочу (жалпы шайлоочулардын 56,2%ы) келген. Алардын ичинен 1 млн 938 миң 454 шайлоочунун бюллетендери жарактуу деп табылган.

Анын айтымында, бюллетендер автоматтык эсептөөчү үкүк тарабынан эсептелгенден кийин бюллетендер колго эсептелет. Азырынча 59 шайлоо тилкесинин бюллетендери эсептеле элек.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы:

1. «Ата-Мекен» - 4,04%
2. «Бир-Бол» - 3,03%
3. «Биримдик» - 24,,53%
4. «Замандаш» - 2,15%
5. «Кыргызстан» - 8,74%
6. «Мекеним Кыргызстан» - 23,9%
7. «Мекеним Ынтымагы» - 0,63%
8. «Мекенчил» - 6,85%
9. «Ордо» - 0,22%
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» - 0,17%
11. «Республика» - 5,81%
12. «Реформа» 1,64%
13. «Социал-Демократтар» -2,12%
14. «Чоң Казат» - 2,33%
15. «Ыйман Нуру» - 3,35%
16. «Бүтүн Кыргызстан». - 7,09%
17. Баарына каршы - 1,79%