Саясат
Шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес! Жапаровдун Нургазиев боюнча билдирүүсү
Элита плюс
Февраль 09, 2021 г.
Президент Садыр Жапаров өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу Бишкек мэринин кызматы боюнча билдирүү жасады.
"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес", - деп жазган Жапаров.
Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келген.