"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Сөөгү күйүп кеткен үйдүн ичинен табылды". Чек ара чырында каза болгондордун саны 35ке жетти
Элита плюс
Май 03, 2021 г.
Сөөгү күйүп кеткен үйдүн ичинен табылды". Чек ара чырында каза болгондордун саны 35ке жетти
© Элита плюс

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон жарандардын саны 35ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда маалыматты тастыкташты. Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Максат айылынын 1967-жылы туулган тургуну болгон. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, каза болгон жаран ооруканада жаткандардын катарынан эмес. "Маркум жаран ооруканада жаткан жарадардын арасынан эмес, ал Баткенде жеринен каза болгон. Ал жарандын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында күйүп кеткен үйдүн ичинен табылган", - деди министр.
Булак: Super.kg