Маданият
Съездбек Искеналиев менен Урмат Усенов “Эмгек сиңирген артист” наамын алышты
Элита плюс
Декабрь 29, 2022 г.
Съездбек Искеналиев менен Урмат Усенов “Эмгек сиңирген артист” наамын алышты
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлыктар менен төмөнкү жарандар белгиленди.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”
деген ардактуу наам:

Абдувалиев Курманбек Шаанбековичке – К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;

Джолдошева Гулмира Сапаровнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Джельденбаев Элдияр Мусаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Жумалиев Болотбек Жакыповичке – мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Жуманова Кайыргуль Максытовнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Зейналиева Калидакан Насиралиевнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Искеналиев Съезбек Искеналиевичке – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти;

Карыбекова Зулпия Нажимидиновнага – актриса, ырчы, алып баруучу;


Кулуев Максат Маратовичке – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору;
Мейзер Зульфия Сулеймановнага – Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти;

Сарыбаев Азамат Бектургановичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Узенов Урматбек Бейшенбековичке
– эстрада ырчысы;