Аймактар
Селдин кесепети жоюлууда
Элита плюс
Июнь 25, 2020 г.
Селдин кесепети жоюлууда
© Элита плюс

Токтогул районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24-июнда кечки саат жетилер чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолун суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын КОдиков көчөсүнүн 250 метр ички чарбалык жолун каптаган, жолдун ачык бөлүгүндө унаалар кыйынчылык менен өтүүдө, турак жайларга зыян келтирилген эмес. Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган. Техникалардын жардамы менен калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.