Дүйнөдө
Сауд Аравиянын 84жаштагы падышасы ооруканадан чыкты
Элита плюс
Июль 31, 2020 г.
Сауд Аравиянын 84жаштагы падышасы ооруканадан чыкты
© Элита плюс

Сауд Аравиянын Королу, 84 жаштагы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд өттүн операциясынан кийин Эр-Рияддагы ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Королдук Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Падыша өттүн сезгенүүсү менен 20-июлда ооруканага жаткырылган.

«Сауд Аравиянын падышасы лапароскопиялык операциядан ийгиликтүү айыгып, ооруканадан чыгып жатат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мындан мурдараак Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Козими падышанын оорусуна байланыштуу Эр-Риядга болгон иш сапарын жокко чыгарган болчу.

Аль-Козиминин Сауд Аравияга болгон сапары Ирактын премьер-министринин биринчи тышкы сапары болчу. Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамилелер жана аймактагы актуалдуу маселелер талкууланмак.