Дүйнөдө
Сауд Арабияда кумдуу дөбөдө курорттук жай ачылды
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Сауд Арабияда эс алуучулар үчүн кумдуу дөбөдө курорттук жай ачылды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, бул өлкөнүн бийлиги тарабынан пандемия шартында ички туризмди өнүктүрүүгө болгону кадам. Анда Эр-Рияд шаарынан 110 чакырым алысырак аймакта атайын курорттук жай ачылган. Ал жакка барган эс алуучулар сноуборд тебишип, көңүл ачышат. Сэндбординг - кум дөбөлөрүндө сноуборд тебүүчү спорттун түрү. Ал эми сэндбординг көбүнчө чөлдүү, кумдуу аймактары бар өлкөлөрдө кеңири тараган.