Коом
Санитардык талаптарды сактабагандарга айып салынат
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Санитардык талаптарды сактабагандарга айып салынат
© Элита плюс

Ысык-Көл облусунда санитардык талаптарды сактабаган ишканаларга 134 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди. 2028 текшерүүдө 1705 санитардык көрсөтмө берилип, 87 жооптуу тарапка айып пул салынган. Облус башчы айып пул салуу коопсуздук үчүн дейт.1 млн 743 миң 458 чарчы метр тилке дезинфекцияланды. Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекети туристтик сезонго даярдыгын көрүп жатат. Учурда өткөрмө бекет жабык, даярдык иштери жүрүп жатат.