Аймактар
Самаркандек айылындагы оорукананын курулушу быйыл аяктайт
Элита плюс
Май 15, 2023 г.
Самаркандек айылындагы оорукананын курулушу быйыл аяктайт
© Элита плюс

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен районунун Самаркандек айылындагы оорукананын курулушу иштери быйыл аяктайт.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдиргендей, 75 орунга ылайыкташкан оорукананын курулуш иштери үчүн президенттин фондунан каражат бөлүнгөн.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 киши жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.