Коом
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
Элита плюс
Март 19, 2021 г.
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
Самара Кушубакова: "Ийгиликтин ачкычы - өз ишинди сүйүп, убакытты туура пайдалануу"
© Элита плюс
 
 
Анын колдору тез тезден кыймылдап, бир убакытта кагаздай болуп тегиз кургатылган кызылча кагы бажырайган роза гүлдөрүнө айланды. Мындай розаларга түркүн түстүү кургатылган мөмө жемиштер кошулуп отуруп, жыйынтыгында көрүнүшү көздүн жоосун алган, ден-соолуккка пайдалуу, нукура азыктардан турган букет бир заматта пайда болду.
«Мөмө -жемиш кагынан букет жасоо айымдардын майрамынын алдында ойдо жок жерден эле пайда болду», - дейт жеке ишкер Самарбүбү Кушубакова. Майрамда жолдошунан гүл күткөн айым, белекке гүл эмес, башка нерсе алган. Муну жолдошу: «Гүл тез эле соолуп калат, андан көрө пайдалуу белек береийин деп чечтим», -деп түшүндүргөн.
«Ушундан кийин, аяш-досторубуздан турган вотсап группабызга: «8-мартта жакындарыңарга гүл алганы жатасынарбы?», - деген суроону узатсам, 20 чакты адамдан 7-8 киши: «Гүлдү алганда эмне, ал эртен эле соолуп калат, андан көрө жакындарыма пайдалуу белек берем», -деген жооп келди. Ушундан улам мага: өзүмдүн продукциямдан гүл жасоо идеясы келди. Жыйынтыгы мен күткөндөн да жакшы болуп, кардарлардан көптөгөн буюртмалар келе баштады», - дейт Самара.
Жогоруда биз сөз кылып жаткан айым Самара Кушубакова. Учурда жубайынын сүйүктүү жары, з баланын мээримдүү энеси. Жакынкы убакыттан бери үй-бүлөсү менен биргеликте жеке ишкерликти да ийгиликтүү колго алган. Ал үйүнөн эле чакан ишкана ачып, нукура, таза мөмө -жемиштерди кургатып, башкача айтканда алардан как жасайт. «Накта как» ишканасынын негиздөөчүсү. Башында мындай пайдалуу, таза азыктарды жакындары үчүн гана даярдап келсе, учурда рынокко сатууга чыгарып, алды Бишкектен, арты Орусия, Япония, Туркиядан бери кардарларды топтогон.
«Кичүү балам ичи ооруганынан врачка алып барсак, учурда эл жеп жаткан тамак- аш балдардын ден-соолугуна да терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтты. Бала деген бала да, алма жегени менен, башка жер-жемиштерди көп жегиси келбейт, дүкөндөрдөгү кургатылган пайдасыз азыктарды сурашат. Андыктан мен, аларга кантип даамдуу, жегиликтүү, пайдалуу азыктарды жасап берсем деп ойлонуп үйдөн өз алдымча жер-жемиштен как жасап баштадым», - дейт Самара Кушубакова.
Ишкер айымдын айтымында, башында үй-бүлөсүнө гана арналган продукция бара -бара сатыкка чыгарыла баштаган. Самара айым башында продукциясын сатуу тууралуу ою да жок экендигин айтат. Бирок, бир караганда кадимки бир көрүнүш, өзү жасаган азыктарды элге кеңири жайылтууга түрткү болгондугун айтат.
«Дүкөнгө барып калсам, кошунамдын кичинекей кызы, азыр көп балдар жакшы көрүп жеген кытайдан келген кургатылган азыктардан жеп жатыптыр. Апасына айтсам, ушундай тамак-аштын айынан кызынын ичи да ооруганын, бирок болбой эле кайра тымызын сатып алып жеп жүргөндүгүн айткан. Анан мен: өзүмдүн гана эмес, элимдин да саламаттыгына өз салымымды кошушум керек экен деген ойго келдим», - дейт Самара айым.
Учурда, жеке ишкер жасаган даамдуу кургатылган кактар Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөргө да тарап жатат.
«Өзүнүн, балдарынын ден-соолугун ойлогон, спорт менен машыккан адамдар - биздин продукциянын кардарлары. Андан тышкары чет жерде иштеген эмгек мигранттарыбыз да буюртма кылышат. Азыктарыбызды учурда Орусиянын дүкөндөрүнөн да тапса болот. Ошондой эле чет элдик кардарларыбыз Түркиядан, Япониядан буюртма кылып жатышат. Анткени алар тамак-аштын нукуралыгына абдан маани берип ошого басым жасашат экен. Ал эми биздин продукция экологиялык жактан таза азык деп эсептелинет», дейт Самара айым.
Бирок, бул иш дароо эле жакындарынан колдоо таап кеткен эмес. Мисалы жолдошу анын мындай бизнеси ийгиликтүү болооруна башында көп ишенген эмес.
«Жолдошум башында: ой, бул кагыңды ким алмак эле? Ушуну жөн эле койсоңчу, - деп айтып да жүрдү. Кийин, тез эле элге алынып, кардар таап кеткен сон, мага көмөк көрсөтүп, азыр эн башкы колдоочума айланды», - дейт кубанган айым.
Учурда Самара Кушубакова жер жемиштердин жыйырмадан ашуун түрүн атайын кургатуучу аппараттар менен даярдап, сатат. Алардын арасында биздин климатта өскөн алма, өрүк, кулпунай сыяктуу мөмөлөр, андан тышкары цитрус өсүмдүктөрүнүн баардык түрү жана башка жер - жемиштер бар.
«Мисалы, сурөттө турган букеттин ичиндеги роза гүлүн кызылчадан жасагам. Эми жай келсе, арбуз, коондон да как жасап көрсөмбү деп жатам. Биздин продукциянын артыкчылыгы -анын курамында нукура табигый гана азыктардын колдонулушу. Жада калса кактарыбызда кумшекер да жок. Алмада пектин деген зат бар болгондуктан, ошону көп колдоном, кээ бир азыктарга банан, бал кошуп кургатышым мүмкүн», - дейт ишкер айым.
Самара Кушубакова өз продукциясын даярдоо үчүн мөмө-жемиштерди түштүк жергесинен, Бишкектен буюртма аркылуу алып келет. Кышкысын жайында өсчү жер-жемиштерди муздаткычка салып сактайт. Кардарлар продукция тууралуу бири-биринен жакшы пикирлерди угуп келишет. Бирок көбүнчо социалдык тармактар аркылуу кайрылгандар көп.
«Учурда соцтармактар аркылуу товар алуу, кайра сатуу абдан популярдуу болуп жатпайбы. Бул багытта бизге Ишкер айымдарды колдоо уюму: «She Starts» абдан пайдалуу маалыматтарды берди. Жеке мен өзум үчүн керектүү көп нерсе алдым. Соцтармакта кантип ишти жүргүзүү кардар топтоо керектигин, ишкер аялдар канткенде убакытты үнөмдөө менен бизнесине да үй-бүлөсүнө да жетишүү керектигин үйрөндүм. Көптөгөн ишкер айымдар менен таанышып, пикир алышып, учурда бири бирибизди колдоп турабыз», -деген ою менен бөлүштү Самара Кушубакова.
Ал учурда, Чүй облусунун Сокулук районунда жашайт. Айтымында, элет жергесинде жашаган айымдарга шаардык аялдарга караганда бизнести алып кетүү оор.
«Кээде керектүү мөмө-жемиштерди өзүбүздүн базарлардан таппай, шаардан издеп калам. Бизнесинден тышкары үй-булө, бала-бакыра бар дегендей, айылда бакчаны да караш керек. Биз Бишкекке жакын жашагандыктан көп билинбейт. Ал эми алыскы айылдарда келиндерге оор эле болсо керек. Мал -жан, үлүш жерлери бар, короодогу бакчасын караш керек, жубайына, балдарына көңүл буруп, кайын журтуна да кызмат кылуу керек. Продукциясына керектүү буюмдарды борбордон алдырса, даярдаган буюмдун наркы кымбат болуп калышы мүмкүн», - дейт ал.
Самара айымдын айтымында, ишкерликти колго алууну белсенген айымга сөзсүз түрдө жакындарынын колдоосу абдан маанилүү.
«Жакындарын сенин ишинди колдоп, коштоп, түшүнүп туруусу абдан маанилүү. Өзүң жалгыз ийгиликке жетүү абдан оор. Жөнөкөй эле мисал, керектүү товарларды Бишкектен салып жиберүүгө, кардарга буюртманы жеткиргенде балдарыңды бирөө карап берип турса да чоң жардам. Мен кээде жодошум жумушта болуп калса, балдарымды таштаганга киши жок болуп, чоңураак экөөнү үйдү сыртынан бекитип, кичүүсүн колума көтөрүп кардарга буюртма жеткиргени борборго жөнөп калам», - дейт Самара.
Ишкер айымдын айтымында, кайсы бир ишти баштаган айым сөзсүз өзүнүн ишин чын дилинен сүйүшү керек . Себеби, башында моралдык да материалдык да жактан кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
«Сиз миңдеген аялдардын ичинен суурулуп чыгып, ишти баштадыңыз, эми артка чегинбей ал ишти алып кеттиңиз. Ал эми үй-бүлө менен ишти чогуу алып кетүүнү убакытты пландоо менен гана жетише аласыз», - деген кеңеши менен бөлүштү Самара Кушубакова.
 
Альбина Метерова