Коом
Салык кызматы спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныктады
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
Салык кызматы спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныктады
© Элита плюс

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынан ишкердик иш жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясыз сатуу үчүн спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар менен ар кандай идиштердеги жана аталыштардагы 2 млн сомдон ашык суммада алкоголдун 50 миңден ашуун бөтөлкөсү табылып, тартып алынган.

Материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.