Коом
Салык кызматы: Сентябрда 1 млрд сомго ашык салык чогулду
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Салык кызматы: Сентябрда 1 млрд сомго ашык салык чогулду
© Элита плюс

2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгында салык топтоо белгиленген пландан ашык аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Мекеменин маалыматы боюнча, сентябрь айында 7 млрд 64,4 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 117,1 пайызды түзгөн же 1 млрд 31,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 609,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 55 млрд 55,2 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды.