Коом
Салык кызматы: Компаниялардын арыздарын кабыл алып жатат
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Салык кызматы: Компаниялардын арыздарын кабыл алып жатат
© Элита плюс

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык маалыматтардын операторлорунун реестрине киргизүү үчүн компаниялардын арыздарын кабыл алып жаткандыгы тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Фискалдык маалыматтардын оператору – салык кызматы менен ишкерлердин ортосундагы байланыш. ФМО салык кызматы менен өз ара аракеттешүүдө салык төлөөчүлөр үчүн эң жогорку ыңгайлуу шарттарды түзөт. Отчеттор, фискалдык чектер жана башка документтер ыңгайлуу санариптик платформалар аркылуу берилүүгө тийиш. Ошол эле учурда базалык талаптарга ылайык келген ФМОнун жогорку деңгээлдеги ачык жана атаандаш рыногу түзүлөт.  Мамлекеттик салык кызматы фискалдык маалыматтардын операторун реестрге киргизүүгө табыштамаларды иш күндөрү кабыл алат. Берилген табыштамалар салык органынын кызмат адамдарынан жана чакырылган көз карандысыз байкоочулардан турган комиссия тарабынан каралат. Арыз ээси тарабынан берилген документтерде талаптарга ылайык келбеген жалган маалыматтар аныкталган же документтер толук эмес берилген учурда комиссия мурда берилген документтердин топтомун кайтарып берүү менен расмий каттын негизинде табыштаманы четке кагат. Ошол эле учурда арыз ээси мурда аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен ФМО реестрине киргизүү жөнүндө табыштаманы кайрадан берүүгө укуктуу.