Коом
Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасы жана кычкылтек концентраторлору берилди
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасы жана кычкылтек концентраторлору берилди
© Элита плюс

Бүгүн Кыргызстандагы ири интернет-провайдер “Акнет” компаниясы тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлигине кезектеги гуманитардык жардам тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликке компания тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү медициналык жабдуулар орнотулган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү бир тез жардам унаасы жана 10 даана кычкылтек концентратору тапшырылды. Жардамды саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кабыл алды.

“Бул апаатты биримдикте гана жеңе алабыз. Кыргызстанга илдет келгенден бери компания ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Бүгүнкүдөй кыйын кырдаалда Саламаттык сактоо министрлигин колдоо биз үчүн маанилүү. Бүгүнкү гуманитардык жардам акыркысы эмес. Алдыда дагы жардам көрсөтө бермекчибиз”, - деди “Акнет” компаниясынын директору Нурбек Абасканов.

Өз кезегинде, КР Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов “Акнет” компаниясынын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, кабыл алынган гуманитардык жардам кайсы аймакка таратылаарын айта кетти.

“Кычкылтек концентраторлору Бишкек шаары, Нарын, Ош облустарында жаңы салынып жаткан бейтапканаларга таратылып берилмекчи. Ал эми ыкчам медициналык жардам көрсөтүү унаасы ордо калаадагы автопарктын катарын толуктайт”, - деди ал.