Коом
Саламаттык сактоо министрлиги: "Ыктыярчылардан, ишкерлерден жардам алууга тыюу салынган эмес"
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Саламаттык сактоо министрлиги: "Ыктыярчылардан, ишкерлерден жардам алууга тыюу салынган эмес"
© Элита плюс

Саламаттык сактоо мекемелерине ыктыярчылардан, ишкерлерден жардам алууга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. “Социалдык тармактарда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салынды деген маалымат пайда болду. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык донор, ишкер жана ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салуу тууралу расмий тапшырма, буйрук чыгарылган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан андай тапшырмалар өлкөнүн бир дагы аймагына жөнөтүлгөн жок. . Учурдан пайдаланып, эпидемия башталгандан бери өлкө үчүн кыйын күндөрдө биздин клиникаларга, дарыгерлерге, саламаттык сактоо системасына жардам көрсөткөн ыктыярчыларга, эл аралык уюмдарга, жеке ишкерлерге, жарандарга ызаарычылык билдиребиз", - деди ал.