Коом
Саламаттык сактоо министрлиги кымбат дары-дармектерге муктаж жарандардын тизмесин түзүүдө
Элита плюс
Апрель 03, 2020 г.
Саламаттык сактоо министрлиги кымбат дары-дармектерге муктаж жарандардын тизмесин түзүүдө
© Элита плюс

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги сырттан сатып алынган кымбат дары-дармектерге муктаж жарандардын тизмесин түзүүдө. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, министрликке балдарына чет жерден дары-дармек сатып алган ата-энелер көп кайрылууда.

"Ал дарылар кымбат турат. Аба каттамдар жана башка жолдор жабылгандыктан алар дары-дармек алууда кыйналып жатат. Биз ЮНИСЕФ менен бирге бул маселенин үстүндө иштеп, ал уюм аркылуу дарыларды алып келүүнү пландап жатабыз. Азыр дарылардын тизмеси менен аталыштары такталып жатат. Кимдерге дарыларды алып келүү керек болсо, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылсаңыздар болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.