Каарманым менен баарлашууда андан чыныгы кыргыздын канга сиңген талантын, касиетин, нукуралыгын байкадым. Көз алдыма элибиздин түптүүлүгү, жаратылышка жипсиз байланган байланышы, эженин керемет жомоктой жашоосу тартылды. Кызыгуу менен муюп уккан маекти сиздерге сунуштайлы.
“Ата-бабаларыбыз идеяга бай болушкан”
-1971-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылында туулгам. Биздин жаратылыш укмуштай касиетке ээ болгондуктан, мага чыгармачылык эргүү табигат аркылуу келип турат. Кол өнөрчүлүктө колдонгон тери, жүн, жыгач сыяктуу буюмдарыбыз жаратылыштан алынат. Илгери ата-бабаларыбыз териден кичинекей идиштен тартып чоң буюмдарга чейин жасашкан. Учурда биз, дагы да кандай буюмдарды жасашканын изилдеп жатабыз. Жаңы нерсени ойлоп таап жасайын десең мурунку муундар эчак аны жасап коюшкан. Ар бир оюмдун аталышы, жасалышы өзүнчө бир укмуш. Мындан улам байыркы бабаларыбыздын кол өнөрчүлүгүнө, дилгирлигине баа берем. Көчмөн жашоону аркалаганына карабастан колунда ийне-жиби, бычагы болсо эле көп буюмдарды жасап коюшкан. Мисалы, териден буюм жасардан мурун аны айранга ашатып, накта таза буюмду жаратышкан. Апаларыбыздын жүндү боёгондо да ар кандай чөптөрдүн тамырлары менен өң беришкени таң калтырат.
“Жолдо жаткан зымдан, консервадан курбуларыма сөйкө, шакек жасачумун”
-Мага бул өнөр тай жагымдан берилген. Тайкелерим улуттук буюмдарды майын чыгара жасаган өнөрлүү инсандардан болушкан. Мен да кичинемден ар нерсени жасоого кызыгып, көчөдө кыздар менен ойноп жүрүп эле жолдо жаткан зымдан, консерванын челегинен кесип курбуларыма сөйкө, шакек жасап берип койчумун. Эс тартып калганымда айылдагы топтошуп шырдак ойгон чоң энелеримдин суранычы менен шырдактарга оюуларды түшүрүп берчүмүн. Ошентип жүрүп жашоо өзү эле мени кол өнөрчү кылып койду окшойт.
“Дилгир, кызыгуусу күч улан-кыздарды колдойм”
-Элибиздин өнөргө жөндөмдүү касиетин байкадым. Кол өнөрчүлүккө кызыгып, үйрөнүүнү каалап жашы да, карысы да келет. Кээде бир көрсөткөн ишти андан ары улап кетип: “ой мен жасай алат турбаймынбы? Колумдан келет экен”-деп өздөрү таң калышат. Бул - биздин улуттук жөндөмдүүлүгүбүздүн белгиси. Ар бир кыргыз аялы, мырзасы кийизин болбосо терисин, жыгачын, чопосун иштетип кетүү талантына ээ. Окуучуларым көп, алардын кимиси эмнеге жөндөмдүү экенин баамдап, ошого жараша иш берип үйрөтөм. Кызыгып, андан ары өнөрүн тереңдетем дегендерди окуу жайга өткөрөм. Дайыма мага келип-кетип турушат. Чогуу отуруп иш үстүндө ар нерселерди талкуулайбыз. Андан тышкары, тааныш-билиш аркылуу угуп, атайы издеп келгендер да болот. Эч кимисинин шагын сындырбайм, дилгир, кызыгуусу күч болгон улан-кыздарды колдойм. Алгач, өз алдынча үйрөнгүчө мени менен чогуу болушат. Кийин шыгына, талантына карап аларды бөлөм.
“Тирүүңүздө жолуга албасам да, жансыз жүзүңүздү жаныңыздан бир көрдүм” деп...
-Негедир кичинемден Сүймөнкул Чокморовду абдан көргүм келчү. 1988-жылы мектепти аяктап Фрунзе шаарына келип, Чокморовго жолугууну самап, бир топ жолу иштеген жерине издеп барып, кабинетинин алдынан кетпей жүрө бердим. Бирок, ал кыялым ишке ашкан жок. Ошол убакта Сүймөнкул агабыз ооруп, ишке чыкпай калган экен. Кийин каза болду. Улуу сүрөтчүнү узатуу зыйнаты кайсы бир мамлекеттик имаратта өтүп, ага сүрөтчүлүк, зергерчилик боюнча билим алган студенттерди алып барышты. Алардын арасында мен да бар элем. Ошондо кудайдын буйругубу, айтор студенттерди тизгенде эмнегедир Сүймөнкул Чокморовдун баш жагына туруп калдым. Бетин ачып коюп, узатуу аземи өтүп жатты. Ошол учурда созулуп жаткан агайдын жүзүнө тигилип: “тирүү кезиңизде бир жолугуп кеңеш ала албадым эле. Эми жансыз болсоңуз да жаныңыздан жүзүңүздү бир көрүп калдым” деп өзүмчө аны менен сүйлөшүп, сөз менен жеткире албагандай сезимге туш болгом.
“Чет элдиктер биздин жаратылышка, кол өнөрчүлүккө суктанып, баа беришет”
-Ошентип, 1988-жылы зергерчиликке кызыгуум күчөп, сүрөтчүлүктү, тери менен иштөөнү да окудум. Анткени, булар бири-бири менен айкалышып турат. Ээр чабууда, кемер кур жасоодо сүрөтчүлүк, тери, жыгач менен иштөө талап кылынат. Ошондой эле, буйрутма бергендер үчүн өздөрү каалагандай кийим тигип, жүндөр менен иштейбиз. Акыркы кезде белгилүү ырчылар кийизге сүрөт түшүртүп, бири-бирине белек кылганды модага айлантышты. Көбүнчө чет элдиктер биздин жаратылышка, биздин кол өнөрчүлүккө суктануу менен баа беришет. Андыктан, кыргыздын нукура оюуларын сактоо милдетибиз. Сүйүнгөнүм - нукура буюмдарыбызга акырындап элибиздин да кызыгуусу артууда. Акыркы 15 жылда өлкө ичинде териден жасалган картиналар мода болуп, буйрутмалар көбөйдү. Андай буйрутмаларды талаптагыдай жасап берүү үчүн иштетилип даяр болгон терилерди заводдон сатып алабыз. Бетине кардарлардын буйрутмасына жараша сүрөт түшүрөбүз. Мисалы, кээ бирөөлөр үйгө илгенге бактылуу, балалуу-чакалуу, аксакалдуу үй-бүлөнүн картинасын жасап бер дешет. Андайда кардардын оюндагысындай сүрөт түшүрөм.
“Балык илген ак кууларды куусам, баласынтып, менден коркушчу эмес”
-Тоо койнунда өскөндүктөнбү, жан дүйнөм тоону эңсеп турат. Чарчаганда тоого бет алам. Биздин ар бир ташыбыз, суубуз, бетеге чыккан көк чөбүбүз керемет. Бала кезде баа бербеген асыл байлыктарга жаш өткөн сайын маани берет экенбиз. Секелек кезде тоого чыгып ойноп, кумурска, чымчык, торгой, коен, аккууларды көп көрчүмүн. Азыр мага мунун баары жомок. Жаратылыштын касиетине сөз жок. Мен чоңойгон Соң-Көлдө бир учурда жай, кыш, күз, жаз болуп төрт мезгил кайталанып турчу. Мындай кубулушту далай көрүп суктангам. Шамал боло баштаганда Соң-Көлдүн жээгине чуркачумун. Себеби, көлдүн толкунунан балыктар жээкке ыргып жайнап калчу. Кийин эле заматта күн чайыттай ачылып, көлдүн жээги жалтылдаган балыкка ширелип, көздү уялтчу. Жалгыз ары-бери чуркап балыктарды кайрадан сууга ыргытчумун. Ага болбой ак куулар жээктеги балыктарды илип кетишчү. Аларды кууп, урсам да, мени баласынтышчубу айтор, менден коркушчу эмес. Ага болбой тызылдап чуркап балыктарды сактап калганга аракеттенчүмүн. Азыр ойлосом, табигаттын сулуу кучагында, жаныбарларга аралашып чоңоюптурмун. Ушундан улам айланадагы кооздук өнөр ээлеринин азыгы экенин түшүндүм.
“Жолдошум каскадёр, ээр да чабат”
-Жолдошум Арсен каскадёрлордун машыктыруучусу. Шаарда жашаганыбызга карабай ат минип, ар дайым ат менен жүрөт. Табиятынан атка жакын адам. Кыргыздын жашоо образы мал менен байланышып турат эмеспи. Андыктан, жолдошумдун да кол өнөрчүлүккө кызыгуусу күч. Өзү да ээр чабат. Бир кыз, үч уулубуз бар. Кызыбыз турмушка чыгып, эки неберелүү болдук. Ал эми, уулдарыбыз бизге жардамдашып, кол өнөрчүлүккө аралашып турушат. Кудайга шүгүр, өнөр менен жашап келе жатабыз. Ишканам үйүбүздөн орун алган. Көбүнчө кийимдерди, сувенирлерди буйрутма кылган кардарлар менен үйдөн эле иштешем.
“Өлүкканадан ойгонбогонумда мынчалык ийгилик жарата алмак эмесмин”
-Таятам Азиз Копоев колунан көөрү төгүлгөн уста адам болгон. Ал, 2001-жылы каза болду. Таятамдын кырк ашынан кийин белгилүү сүрөтчү Амантур Акматалиев агай, мен жана бир курсташ байкем менен Бишкекти көздөй келе жатып, Кочкорго жеткенде чоң жолдон автокырсыкка кабылганбыз. Үч жылдан кийин ошол жерге барып, куран окуп, сүрөткө тартып жүрсөк нары жактагы сарайдан бир чабан байке түшүп келип, эмне кылып жүргөнүбүздү сурады. Үч жыл мурун бул жерден кырсыктагам десем, “ой, ошондо мен чуркап келип каза болгондорду сыртка чыгаргам. Ошол кыз сенби? Сен өлүп калбадың беле?” деп таң калды. Чындап эле авто кырсык болгондо менин жүрөгүм токтоп калыптыр. Андыктан, мени өлдү деп Кочкордун өлүкканасына жаткырып коюшат. Ошол мезгил эсимде, абдан үшүп жатыптырмын. Сүйлөйүн десем, сүйлөй албайм. Дарманым жок. Бир убакта бирөө сөйкөмдү чечип жатканын сездим. Колумду акырын кыймылдатып, анын колун кармаганга аракеттендим. Баягы өлүккананын кызматкери менден чоочуп, бакырган бойдон башка врачтарды чакырыптыр. Мен кайрадан эсимди жоготкондо туугандарым мени Бишкекке алып жөнөшөт. Бир ай ооруканада жатып, араң дегенде жакшы болгом. Ошол ооруканада уктап жатканымда түш көрдүм. Түшүмдө каза болгон атам, жолдо мени менен келе жатып кырсыктан көз жумган Амантур агайым, курсташ байкем үчөө жакшынакай кийинип алышып, бир жакка баратышыптыр. Мен аларды ээрчип алдым. “Сагын, сен али эч нерсе жасай элексиң. Сен барбайсың”-дешип, мени ЦУМга ээрчитип келип, кичинекей видео камераны көрсөтүп: “сен эмгектенчү иш толтура. Муну ал да, кайт артка!” деп камераны карматып кетип калышты. Эсиме келип, мени карап жаткан эжеме: “мени албай кетишти, ээрчитпей коюшту” деп ыйлай берипмин. Көрсө, жанымдагы агайым менен байкем ошол кырсыктаганда эле каза болуп калышкан экен.
“Үч уулумду тең 9 айдан ашып, 11 ай болгондо төрөгөм”
-Арадан он жыл өтүп, жолдошум экөөбүз ЦУМга барып видео камера сатып алып жатып ага “мен бул камераны мурда алгам” деп айраң-таң болдум. Баягы атамдар алып берген камерага опокшош камера сатып алганда ушул түшүм эсиме келди. Ошондон кийин аян деген нерсеге бөркүмдөй ишенип, убакыттын өтүшү менен мурункуларды эстеп жаттым. Ал кезде кол өнөрчүлүк менен алектенсем да бүгүнкүдөй көп нерсени жарата элек болчумун. Кудайга шүгүр, андан бери сан жеткис ийгилик жараттым. Мурда аянга маани бербесем, ошол кырсыктан кийин аянга ишенем. Бир нерсени ишке ашырууда ал мага аян катары берилет. Учурда адам баласы бири-бирин сыйлап, урматтай албай калды. Бул туура эмес. Себеби, ар бир адамдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Андыктан, конок катары келген бул аз өмүрдө адамдар бири-бирибизди баалап, пейилибизди оңдосок, өлкөбүз да өсүп өнөт беле. Мен кырсыкка учураган кезде бир кызым бар болчу. Врачтар “Сага эми төрөгөнгө болбойт” деп диагноз коюшкан. Кудайыма ыраазымын, андан кийин үч уулдуу болдук. Ушул үч уулумду тең тогуз айдан ашып, 11 айга чейин көтөрдүм. Он бир ай дегенде операция жолу менен жарык дүйнөгө келишкен. Көз тийбесин. Уулдарым да кыргыздын чыгаан жигиттеринен болсо экен деген тилекте жашап келем.
Урматтуу окурман, көп кырдуу өнөр ээси болгон Сагын эжеден сабак алгыңыз келсе же буйрутма берүүнү кааласаңыз, төмөндөгү дарек сиз үчүн: Көк-Жар айылы Нурманбетова көчөсү 31. Телефондору: 0772 64 80 58, 0700 64 80 58
Жазгүл КАРБОСОВА