Саясат
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды
Элита плюс
Март 12, 2021 г.
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик сапар Ташкент шаарында «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл коюу менен башталды.

Андан соң «Куксарой» резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп, кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук жана конструктивдүү маанайда өткөн сүйлөшүүлөрдүн үзүрлүү болгондугу белгиленди.

Ошондой эле кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун документке, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнү Өзбекстан парламентинин кош палатасынын башчылары — Олий Мажлистин Сенат төрайымы Танзила Нарбаева жана Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуулардан башталды.

Ошону менен катар мамлекет башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Анда Абдулла Арипов жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев «Куксарой"резиденциясындагы Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузушуп, Ташкенттеги «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты.

Мамлекеттик сапарын жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Бишкек шаарына кайтып келди.