Саясат
Садыр Жапаровдун уу коргошун боюнча билдирүүсүн өчүрдү
Элита плюс
Апрель 19, 2021 г.
Садыр Жапаровдун уу коргошун боюнча билдирүүсүн өчүрдү
© Элита плюс

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун Фейсбук компаниясы     өчүргөнү кабарланган. 

Аталган компаниядан жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербей турганын кабарлаган.

Кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек социалдык тармакка жарыяланган билдирүү эч кандай кийлигишүүсүз эле өчүрүлгөнүн айтып чыкты.

"Сөз болуп жаткан билдирүүлөр тышкы кийлигишүүсүз, өз демилге менен өчүрүлдү. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул багыттагы илимий-изилдөө иштерин уланта берерин белгилейбиз", - деди ал.

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Б өчүргөнү кабарланганул боюнча жазылган постко адамдардын сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видеосу тиркелген. 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда. өчүргөнү кабарланган.

Булак: Super.kg