Саясат
Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
Элита плюс
Февраль 26, 2021 г.
Садыр Жапаровдун Орусияга  болгон иш сапары жыйынтыкталды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Россия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирди, ошондой эле Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-татар байланыштарынын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Президенттин иш сапарынын экинчи күнүнүн күн тартиби да тыгыз болду. Мамлекет башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктады.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында эки тараптын тиешелүү министрликтеринин жетекчилери төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында РФ тарабынан КРга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;

-Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;

— Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

25-февралдын түнүндө Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди.