Саясат
Садыр Жапаровдун өкүлү Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды
Элита плюс
Декабрь 28, 2020 г.
Садыр Жапаровдун өкүлү Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды
© Элита плюс

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин жарандык активист Мелис Аспеков менен "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды. Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыктады.

Белгилүү болгондой, Александр Мощин өзүнүн жазган арызында Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканын белгилеп, мындай укук аларга берилбегенин айткан.

"Алар мындай мыйзамсыз аракеттери менен Садыр Жапаров тууралуу терс пикирлердин калыптанышына түрткү болууда", - деп жазылган даттанууда.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо же баарына каршы добуш берүү сунушталат.