Саясат
Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында бир катар документтерге кол коюлду
Элита плюс
Март 02, 2021 г.
Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында бир катар документтерге  кол коюлду
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүү жасашты.

Төмөндө кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

— 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чаралардын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстан Республикасынын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.