Саясат
Садыр Жапаров Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен жолугушту
Элита плюс
Март 12, 2021 г.
Садыр Жапаров Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен жолугушту
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий-эс алуу жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр үчүн бардык аянтчаларды ырааттуу колдонууну сунуштоо менен эки өлкөнүн өкмөттөрү жетишкен келишимдер боюнча жигердүү иш-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштуруу керек.

Президент дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып тургандыгын белгиледи.

Анын белгилешинче, акыркы мезгилде өлкөлөр эки тараптуу соода жүгүртүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча бир катар аракеттерди жасашты. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу башталды.

Мамлекет башчы бул чаралар тараптардын соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкчылыгын тастыктай тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча болуп кала турган жана чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында өткөн.