Саясат
Садыр Жапаров Владимир Путинге кылыч белек кылды
Элита плюс
Февраль 26, 2021 г.
Садыр Жапаров Владимир Путинге кылыч белек кылды
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул тууралуу ал «Российская газетага» берген көлөмдүү маегинде  билдирген.

Мамлекет башчысынын маеги гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.

Журналист Жапаров Путинге эмне тартуулагандыгына кызыккан. «Мен президент Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Кылыч Кыргызстандагы мыкты чеберлердин колунан чыккан», - деп жооп берген.

Ал ошондой эле экөө жолугушууда көп маселелер боюнча сүйлөшкөндүгүн билдирген.

«Негизинен эки өлкө ортосундагы экономикалык пландагы, аскер жаатындагы кызматташуу жана өз ара аракеттешүүнүн башка багыттары боюнча сөз болду. Ошондой эле КОВИД-19 илдети боюнча сүйлөштүк. Россиялык кесиптештер бизге вакцина беришти, Кыргызстанга дагы кошумча вакцина берүүнү убада кылышты», - деген Жапаров.