Саясат
Садыр Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
Элита плюс
Февраль 25, 2021 г.
Садыр Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолугуп, аны Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты.