"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Саясат
Садыр Жапаров Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат
Элита плюс
Март 31, 2021 г.
Садыр Жапаров Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат
© Элита плюс

 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

Бейформал саммитке Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышары мерчемделүүдө.

Маалымкат: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши - мамлекеттер аралык уюм. Анын башкы максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү. ТМКК ишмердүүлүгү өзүнө саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Бүгүнкү күндө аталган уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Венгриянын бул уюмга байкоочу-өлкө статусу бар