Коом
Садыр Жапаров Темирлан Султанбеков боюнча үн катты
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Садыр Жапаров Темирлан Султанбеков боюнча үн катты
© Элита плюс

Жаш саясатчы Темирлан Султанбековду камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндөгү көптөгөн кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет:

Премьер-министр Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм», - деди өкмөт башчы.