Коом
Садыр Жапаров: "Орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек"
Элита плюс
Ноябрь 26, 2020 г.
Садыр Жапаров: "Орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек"
© Элита плюс
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров орус тили боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилинин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили БУУнун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Мындан сырткары, биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек", - деп жазды Жапаров.