Президент
Садыр Жапаров Ооганстандын президентине Кабулдагы жана Логардагы теракттардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Элита плюс
Май 13, 2021 г.
Садыр Жапаров Ооганстандын президентине Кабулдагы жана Логардагы теракттардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Ганиге Кабул шаарындагы жана Логар провинциясындагы адам өмүрүн алган теракттардын натыйжасындагы курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Логар менен Кабулда болгон ырайымсыз жана адамгерчиликсиз террордук акттардын кесепетинен жабыр тарткандарга жана курман болгон адамдардын үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгысын тең бөлүшөм.

Биз бардык террордук көрүнүштөрдү кескин түрдө сынга алабыз жана адамзатка, тынчтыкка каршы кылмыштары үчүн жооптууларды чечкиндүү айыптайбыз.

Жабыркагандардын сакайып кетүүсүн жана ооган жергесинде тынчтык менен бакубатчылыктын орношун каалайбыз", - деп айтылат Садыр Жапаровдун көңүл айтуусунда.