Саясат
Садыр Жапаров обсервацияда. Ал ушул айдын аягында Орусияга иш-сапары менен барат
Элита плюс
Февраль 15, 2021 г.
Садыр Жапаров обсервацияда. Ал ушул айдын аягында Орусияга иш-сапары менен барат
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров учурда обсервацияда. Ал ушул айдын аягында Орусияга иш–сапары менен барат. Бул тууралуу анын пресс-катчысы Галина Байтерек билдирди.

«Азыр президент жана Орусияга аны менен кошо бара турган делегация мүчөлөрү обсервацияда», - деп билдирди Галина Байтерек.

Мамлекет башчысынын пресс-катчысынын билдиргенине караганда,  кыргызстандык делегация Орусияга кайсы күндөрү бараары азырынча так белгисиз. Болжол менен 24-25-февралда деп айтылып жатат.