Президент
Садыр Жапаров: "Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун эч ким кийлигишпейт"
Элита плюс
Апрель 04, 2023 г.
Садыр Жапаров: "Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун эч ким кийлигишпейт"
© Элита плюс

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Учурда Боршайком тарабынан талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Жалпы өлкөдөгү шайлоо тутумуна байланыштуу президент Садыр Жапаров менен Медербек Шерметалиев маек курду.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

 Баарыбызга белгилүү окуялардан кийин учурда Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Эл арасында эмитен эле “тигил талапкер президентке кирип жолугуп, батасын алыптыр..." деген ар кандай сөздөр бар. Ушундай болушу мүмкүнбү? Анда сиз тараптан шайлоого кийлигишкендик болуп калбайбы? Ушуга сиздин пикирди уксак?

— Мен эч бир талапкерди кабыл алган жокмун жана кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек.

Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине дагы жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз.

Каттоо бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өтөм деген планым бар. Менин максатым – шайлоону таза, калыс, ачык өткөрүү. Ар бир талапкердин ишенимдүү адамын борбордук шайлоо штабындагы автоматташтырылган шайлоо системасына киргизип, өз көздөрү менен көзөмөлдөтүү. Адатта утулуп калган талапкерлердин "...жасап коюшту, болбосо мен көп добуш алгам..." деп, дароо кыйкырып чыкмай адаты бар эмеспи. Талапкерлер добуштарды компьютер эсептерин, адам баласы эсептегенге мүмкүн эмес экенин ишенген адамдарынын көзү менен көрүп олтурушса деген ойдомун.

Адам баласы эсептен жаңылышыбыз мүмкүн. Ал эми компьютер жаңылбайт. Шайлоо системасы бизде компьютерлештирилген, автоматташтырылган. Сервердин ичине адам кирип кете албайт. Ар бир урна ачылары менен жыйынтыгы автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясында турган серверге келип түшүп турат. Жалпы жыйынтыгы жарым саат, бир сааттын ичинде эле чыгып калат. Андан кийин талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын катышуусунда бюллетендер кол менен дагы саналат.

Кыскасы мындан ары кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турат, буюрса. Мен чоң шайлоого кийлигишкен жокмун. Анан ушул бир округдун шайлоосуна киришмек белем. Кимиси марага биринчи келсе, ошол талапкер депутат болсун. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Шайлоолордун башаламандык менен таза эмес өткөндүгүнүн кесепетинен үч жолу төңкөрүш болду. Мындан ары андайга жол да, негиз да бербейбиз. Элдин добушун сатып алам деген бай талапкерлер дагы андай ойлорунан азыртан кайтыш керек! Биз шайлоолорду таза өткөрүүгө бет алганбыз. Ушул багытты баарыңар колдоп, коштоп турушуңар зарыл! Болбосо эч качан оңолбойбуз.

— Сурообузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев