Саясат
Садыр Жапаров: "Люстрация мыйзамын ишке киргизебиз"
Элита плюс
Октябрь 16, 2020 г.
Садыр Жапаров: "Люстрация мыйзамын ишке киргизебиз"
© Элита плюс

Биз люстрация мыйзамын сөзсүз ишке киргизебиз. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрдин жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

Ал аталган мыйзам боюнча критерийлер көп болот, бирок кийинчерээк бул боюнча кененирээк маалымат берерин белгиледи.

"Биз сөзсүз түрдө люстрацияны ишке киргизебиз, тазалайбыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты.